Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:41

Кыргыз-өзбек чек ара тилкелери дагы такталат


Бул тууралуу “Азаттыкка” кыргыз өкмөтүнүн чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров билдирди. Анын айтымында, быйыл чек араларды тактоо боюнча график түзүлүп, өзбек тарап чакырылат.

“Өзбек тарап менен жолугушканда кээ бир аймактар туура эмес такталып калыптыр, ошолорду кайра карап чыгалы деген талапты коюшкан. Бирок адегенде жазылбаган, такталбаган жерлерди тактоону уланталы деп жатабыз. Жумуштун жүрүшүндө бирден-экиден участкаларды карап берели дегенге Өзбекстан макул болду. Негизинен 2012-жылы Өзбекстандын өкүлдөрү менен аз жолуктук”, - дейт Искандаров.

Жалпысынан Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен 1378 чакырым чек аранын 1007 чакырымы гана такталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG