Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:18

Бишкекте француз жаранын тоногон адам кармалды


Кыргызстанда батирди киреге алып жашаган Франция жаранынын үйүн тоноду делген 29 жаштагы кыргыз кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Бакыт Сеитов бүгүн кабарлады.

Окуя 3-декабрда болгон. Ууру француз жараны жашаган үйгө кирип, 5 миң долларлык Apple MacBook Pro ноутбугун, 600 долларлык iPad жана 150 евросун алып чыккан. Шектүү жаран 30-декабрда кармалды.

Сеитовдун айтымында, уурулукка шектелген адам чет өлкөлүк жарандын үйүнө кирүүнү мурунтадан пландаган. Учурда ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында камалууда. Тергөө, иликтөө иштери уланууда. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG