Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:54

Аба ырайы


Шашылыш эскертүү

2-январда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137 жана 198-265-чакырымында), Каракол-Эңилчек (45-90-чакырымы), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90, жана 145-150-чакырымы), тоолуу жолдордо кар көчкүсү, кар күрткүсү болушу мүмкүн. Жол тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо, унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо сунуш кылынат.

Аба ырайы

3-январда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 14, Ысык-Көл аймагында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -4...+1 градус,
Талас облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз 0 ... -5,
Баткенде түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -9... -14, күндүз -3…+2
Ысык-Көлдө түнкүсүн -6...-11, күндүз 0...-5,
Нарында түнкүсүн -24…-29, күндүз -12…-17 градус суук,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -33…-38, күндүз -20…-25,
Тоолордо түнкүсүн -21…-26, ал эми күндүз -8…-13 болот.

Бишкекте 3-январда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кар жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -8 ...-10 градус, күндүз -1 градус сууктан +1 градуска чейин жылуу болот. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG