Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:17

Чавес эс-акылында экендиги айтылууда


Венесуэланын вице-президентинин айтымында, акыркы бир жарым жылдан берки төртүнчү операциядан кийин президент Хуго Чавес айланасында эмне болуп жатканын билген абалда жатат. Вице-президент Николас Мадуро Кубада 11-декабрда операция жасаткан Чавести эки ирет көрүп чыкканын бышыктады.

Мадура президенттин абалы тууралуу өйдө-төмөн кепти мындайча сынга алды:

- Азыр биздин жол башчыга күч-кубат керек болуп жатат. Демек бизге да ошондой күч-кубат керек. Биз калптан сак болушубуз керек. Калпты, ушак-айыңды жокко чыгарганыбыз туура болот.

Чавез операциядан бери эл алдына чыга элек. Анын жаңы, алты жылдык президенттик кызматка киришүү салтанатты 10-январга белгиленген болчу.

XS
SM
MD
LG