Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:03

Пакистанда согушкерлер өлтүргөндөр жерге берилди


Пакистанда согушкерлер өлтүрүп кеткен гумжардам кызматкерлери менен мугалимдердин сөөгү жерге берилди. Тажияга миңдеген киши келди. Гумжардам тармагында иштеген алты аялды жана бир эркек мугалимди кечээ Исламабаддан 75 чакырым аралыктагы балдардын борборунан чыгып келатканда атып кетишкен эле.

- Алар бейтапканада жана Сваби жамаат борбору иштеткен кыздардын башталгыч мектебинде иштешчү. Ишин бүтүп, үйүнө баратканда куралчандар жолдон тосуп чыгышыптыр, - деп билдирди Иштиктүү xечимдерге Пакистандын колдоосу деп аталган бейөкмөт уюмдун төрагасы Жавид Ахтар "Азаттыктын" Пакистан кызматына.

Курмандыктар иштеген соопчулук уюму билдиргендей, бул кол салуу соңку кездердеги балдардын шал оорусун эмдегендердин өлтүрүлүшү менен байланышкан болушу мүмкүн эмес, бирок курмандыктар өздөрү пакистандык балдарды эмдөөгө тийешеси жок болчу.

XS
SM
MD
LG