Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:40

Газдын баасы кышкы эс алуудан кийин бычылат


Өзбекстан жана Казакстандан келе турган газдын баасы боюнча сүйлөшүүлөр кышкы эс алуудан кийин жанданат. Бул тууралуу “Кыргызгаз” ишканасынын басма сөз катчысы Жайнагүл Максимова билдирди. Анын айтымында, азыр коңшулардан газ үзгүлтүксүз, мурдагы тартипте келип жатат.

Кыргыз өкмөтү газдын көлөмү боюнча өзбек жана казак тарап менен макулдашкан. Ага ылайык, 2013-жылы Өзбекстандан 100 миллион, Казакстандан 300 миллион куб метр газ сатылып алынат. Былтыр казак тарап Кыргызстанга газдын миң куб метрин 224 доллардан, Өзбекстан болсо 290 доллардан берген эле. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG