Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

Пакистандык согушчандардын мартабалуу командири жок кылынды


Пакистанда ислам согушчандарынын даражалуу командири Молдо Назир АКШнын пилотсуз учагынын чабуулунан набыт болду. Пакистандын коопсуздук кызматтарынын билдиришинче, Түштүк Вазирстандын Ангур Адда чөлкөмүндө шаршембинин түнүндө урулган соккуда Назирдин орун басары жана сегиз согушчан жок кылынган.

Молдо Назир Ооганстандагы АКШ жана НАТО аскерлерине каршы чабуулдарды уюштурганы, Пакистан аскерлерине кол салууга каршы экени жана армия менен мунаса түзүүнү жактаары айтылып жүргөн. Ал ноябрда бомба чабуулунан жарадар болгону маалымдалган.

Түндүк Вазирстандын Мир Али аймагында пилотсуз учактык чабуулунун согушчан деп шектелген үч адам жок кылынганын “Машаал” радиосу кабарлады.

XS
SM
MD
LG