Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:01

Обама АКШны рецессиядан куткарчу мыйзамга кол койду


Президент Обама АКШны “фискалдык туңгуюктан” куткарчу мыйзамга кол койду. Бай америкалыктардан алынчу салыкты көбөйтүү жана орто класска салык жеңилдигин узарткан мыйзам долбоорун 1-январда Конгресстин эки палатасы тең колдогон эле. Экономисттер береги мыйзам долбоору кабыл алынбаса, дүйнөнүн эң чоң экономикасы эсептелген АКШда рецессия башталарын эскертип жатышкан.

Жаңы мыйзамдын бекитилишин дүйнөлүк рынок оң кабыл алды. Лекин Эл аралык валюта кору, Moody жана Standard & Poor’s рейтинг агенттиктери конгрессмендер АКШнын 16, 4 триллион доллар карызын олуттуу өлчөмдө кыскартканга аракет кылмайынча, өлкө экономикасы шамал айдаган сөксөөлдөй калдаңдап тура берет деп эскертишти.

XS
SM
MD
LG