Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Депардьеге Орусия жарандыгы берилди


Президент Путин даңазалуу француз актёру Жерар Депардьеге Орусиянын жарандыгын берген жарлыкка кол койду. Депардье Кремлге жарандык сурап кайрылган-кайрылбаганы белгисиз. Бирок Владимир Путин декабрда атактуу актёр француз өкмөтү менен салык боюнча араздашып жатканда, ага Орусия азаматтык бергенге даяр экенин билдирген. Франциянын "Le Monde" гезитинин жазышынча, 63 жаштагы актёр өз досторуна жогорулатылган салык төлөбөс үчүн не Бельгияга, не Черногорияга, не Орусияга көчүп кетерин билбей жатканын айткан экен. Жерар Депардьенин Бельгияда үйү, Черногорияда бизнеси бар. Франциянын социалист президенти Франсуа Олланддын демилгеси менен 2013-жылдан тартып, жылдык кирешеси 1 миллион евродон (1, 3 млн. доллар) көп жарандарды 75 процент салык төлөтүү жагы мерчемделип жаткан. Орусияда киреше салыгы 13 процентти түзөт.

XS
SM
MD
LG