Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:29

Өзбекстан Тажикстанга газ кысымын күчөттү


Өзбекстан үй-тиричилигине керектелчү баллонго куюлган газды өз аймагы аркылуу ташыганга тыйуу салды. Шаршемби күнү жарыяланган билдирүүдө бул чечим калктын коопсуздугун камсыздоо жана айлана-чөйрөнү коргоо максатында кабыл алынганы белгиленет. Андан биринчи кезекте коңшулаш Тажикстан жабыркайт. Өзбекстан 31-декабрда газдын баасы боюнча эки тарап мунаса таппай, жаңы келишим түзүлбөй калгандан улам, Тажикстанга куур аркылуу газ берүүнү токтоткон болчу. Тажикстан газды жалгыз Өзбекстандан алат. Ташкент маал-маалы менен акысы төлөнбөй калганын айтып, Дүйшөмбүгө газды бууп коюп жүрөт. Эки мамлекеттин алакасы 1991-жылдан бери начар. Өзбекстан Тажикстандын Рогун ГЭСин куруу планына талаа иштерине суу тартыш болуп калат деп каршы чыгып келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG