Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Ооган президенти Хамид Карзай АКШга барат


Ооганстандын президенти Хамид Карзай АКШ президенти Барак Обама жана мамкатчы Хиллари Клинтон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Америкага сапар алат. Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Виктория Нуланд билдиргендей, Карзайдын визити 8-январдан 11-январга чейин созулат деп күтүлүүдө. Маалыматка ылайык, эки тарап Ооганстандагы саясий өзгөрүүлөрдү жана коопсуздук маселелерин талкууга алышат.

2014-жылдын соңуна чейин АКШ жана НАТО күчтөрүнүн басымдуу бөлүгү Ооганстандан чыгарылат. Эки тарап НАТОнун миссиясы аяктагандан кийин АКШ аскерлеринин Ооганстандагы ролу кандай болоорун талкуулап келишет. Ушул тапта Ооганстанда 100 миңге чукул чет элдик күчтөр бар. Алардын басымдуу бөлүгүн АКШнын аскерлери түзөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG