Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Чек ара аскерлигинде былтыр 40тан ашуун кылмыш козголду


Бул тууралуу “Азаттыкка” Аскер прокуратурасынын Тергөө бөлүмүнүн башчысы Асылбек Малаев маалымдады. Анын айтымында, бул көрсөткүч мурдагы жылга салыштырмалуу аз болгон менен, айрым кылмыштардын саны өстү. Мисалы, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, шалаакылык, өз жанынан аша чапкан абалга жеткирүү жана киши өлтүрүү фактылары көбөйгөн.

Былтыр август айында Ысык-Көлдө Эчкили-Таш чек ара туругунда кандуу окуяда алты адамдын өмүрү кыйылган. Балбай Кулбарак уулу аттуу жокер өзүнүн төрт кызматташын жана алардын биринин аялын атып өлтүргөн. Өзү качып кетип, бир күндөн кийин колго түшүрүү учурунда окко учкан. Бул окуя боюнча тергөө аяктап, иш сотко өттү жана туруктун жооптуу эки кызматкерине айып тагылды. (EBM)

XS
SM
MD
LG