Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:56

Аргынбаев: электр энергиясын мыйзамсыз колдонгондор коркутуп жатат


Бишкекте рейддин жүрүшүндө электр энергиясын мыйзамсыз колдонгону аныкталгандар ишти ырбатпоону талап кылып басым-кысымга алууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Түндүкэлектр” ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү Сапар Аргынбаев билдирди. Анын айтымында, басым-кысым көрсөткөндөрдүн арасында жогорку бийлик кызматындагылар да бар. Аргынбаев алардын аттарын ачыктаган жок.

“Түндүкэлектр” 15-24-декабрь күндөрү Бишкекте "Ата-Түрк" паркынын жанында Малдыбаев көчөсүндөгү хан сарайларды текшерген. Натыйжада 23 үйдө электр энергиясын мыйзамсыз колдонгон фактылар аныкталган. “Түндүкэлектр” мындан улам чара көрүүнү өтүнүп, ИИМдин коррупцияга каршы күрөш башкы башкармалыгына кайрылды. (EBM)

XS
SM
MD
LG