Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:37

Бишкек: мектептерде милициянын “балдар бөлмөлөрү” ачылат


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Мелис Турганбаев ар бир мектепке өспүрүмдөр менен иштеген бирден инспекторду бекитип, балдар бөлмөлөрүн ачуу каралып жатканын “Азаттыктагы” маегинде билдирди. Анын айтымында, инспекторлор эртеден-кечке мектепте болот, кылмыштуулукту алдын алуу иш-чараларын өткөрөт, тартиби начар балдарды каттайт жана ата-энелери менен сүйлөшөт.

Турганбаев азыр шаарда 100 мектеп бар экенин, бирок 29 инспектор жетишпей турганын, Ленин районунан башка райондордо мектептер инспекторлор менен дээрлик камсыз болуп калганын белгиледи.

Буга чейин соңку учурларда Кыргызстанда өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук өсүп жатканы кабарланган. (EBM)

XS
SM
MD
LG