Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:47

Талиптерден ок жеген Малала ооруканадан чыкты


Бүгүн Бирмингамдагы оорукана жарыялаган видеодон 15 жаштагы пакистандык кыз медайымдын колуна таянып, ооруканадагы бөлмөсүнөн чыгып баратканын көрүүгө болот. Малала Юсуфзайды дарылаган адистер ага дагы январдын этегинде, же феврал айында мээ нервин калыбына келтирүү боюнча операция жасаларын билдиришти. Малаланын атасы Зиауддиндин жакын досу Ахмад Шах "Азаттыктын" пакистан кызматына Пешавар шаарынан телефон аркылуу буларды билдирди:

Мен Малала менен бир нече күн мурда сүйлөшкөм, ден соолугум жакшы деген. Келечек пландарын сурасам, билим берүү, тынчтык жана өнүктөрүү миссиясын уланта бере тургандыгын айткан.

Малаланы октябрда Пакистанда мектептен үйүнө келатканда атышкан. Ал 2009-жылы ББСге ошол кезде талиптер басып алган Сват аймагындагы зөөкүрлүктөр тууралуу блог жазгандыгы менен кеңири таанымал болгон. Пакистандын өкмөтү Малаланын атасына Британияда дипломатиялык кызмат берди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG