Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:52

Швейцарияда салык жашырууга көмөктөшкөн банк жабылды


Бай америкалыктардын салык төлөбөшүнө жардам бергендигин мойнуна алган Швейцариянын эң эски банкы биротоло ишин токтотуп жаткандыгын жарыялады. "Вегелин" банкы кечээ АКШнын Нью-Йорктогу федералдык сотунда 100 чакты АКШ жаранына 10 жылга чукул жыл ичинде аз дегенде бир миллиард 200 миллион доллардан салык төлөбөй коюшуна көмөктөшкөнүн мойнуна алды. Банк компенсация жана айып пул иретинде АКШнын өкмөтүнө дээрлик 60 миллион доллар төлөй турган болду. Банк өз кардарларынын ысымдарын ачыкка чыгарган-чыгарбаганы азырынча белгисиз. "Вегелин" 1741-жылы негизделип, Швейцариядагы чакан Ыйык Гален шаарында иштечү. Ал АКШнын салык төлөөдөн качкандар боюнча айыптоолорунда күнөөсүн мойнуна алган алгачкы чет элдик банк болуп калды. Учурда АКШда швейцариялык банктар аркылуу салык төлөнбөгөн учурлардын кеңири топтому иликтенип жатат.

XS
SM
MD
LG