Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:35

Иракта өкмөткө каршы жүрүшкө миңдеген киши катышты


Өлкөнүн өкмөт башчысына каршы эки жумадан берки нааразылыктар уланып, Багдадда суни араптары отурукташкан Адхамия ооданында демонстрация өттү. Анын катышуучулары түрмөлөрдө адам укуктарынын сакталышын жакшыртууну жана азыркы анти-террордук мыйзамды күчүнөн кетирүүнү талап кылышты.

Демонстрациялар ошондой эле Салахеддин, Дияла, Киркук, Ниневех аймактарында да өттү. Өлкөнүн батышындагы Анбар дубанында демонстранттар Иракты Сирия жана Иордан менен бириктирүүчү чоң жолду бууп турушту. Түндүктөгү Мосул шаарында полиция демонстранттарды таркатуу үчүн абага ок атканы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG