Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:56

БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйыны 15-январда өтөт


Пакистан Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин анти-террордук жыйынына төрагалык кылаарын бышыктады. Январда Коопсуздук кеңешине төрагалык кылган Пакистандын БУУдагы элчиси Масуд Хан талкуу 15-январда болоорун билдирди. Хан терроризмге каршы күрөштө чала-бучук гана ийгилик жетишилгенин белгилеп, азыркыдан алда канча координацияланган жана ар тараптуу стратегияны иштеп чыгуу керектигин билдирди. Ал ошондой эле анын өлкөсү америкалык пилотсуз учактарга каршы экендигин билдирди:

- Дронго карата биздин турумубуз айдан ачык. Биз аларды катуу айыптайбыз. Биз аларды таптакыр четке кагабыз, аларды майнапсыз жана мыйзамсыз деп эсептейбиз.

Акыркы он жылда Пакистанда террордук чабуулдардан миңдеген адам өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG