Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:33

Венесуэла: Чавес инаугурацияга келет


Венесуэла өкмөтү Кубада рак операциясынан кийин дарыланып жаткан президент Уго Чавес ооруганына карабастан 10-январь күнү президенттик кызматка расмий киришээрин билдирди. Маалымат министри Эрнесто Виллагас 3-январда билдиргендей, 58 жаштагы Уго Чавес өпкөсүнөн кагынып, жакшылап дем алалбай жатат. Билдирүүдө ошондой эле Венесуэладагы кырдаалды курчутуу үчүн эл аралык маалымат каражаттары Чавестин саламаттыгына байланыштуу «психологиялык согуш» жүргүзүп жаткандыгы айтылат.

Чавес 11-декабрда төртүнчү жолу рак операциясын башынан кечиргенден бери эл алдына чыга элек. Чавестин төртүнчү кызмат мөөнөтү 10-январдагы инаугурация салтанатынан кийин расмий башталууга тийиш.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG