Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:25

АКШ аскерлери Түркияны аба чабуулунан калкалайт


Түркиянын Сирия менен чек аралаш аймагына америкалык аскерлер жана аба чабуулунан коргоочу эки жуп Patriot системасы жайгаштырыла баштады. АКШнын Европадагы күчтөрүнүн командачылыгынын билдиришинче, комплексти 400дөй аскер тейлейт.

Былтыр күздө Сирия тараптан Түркия территориясы аткылангандан кийин Анкара НАТОдон жардам сураган. Анкара-НАТО арасындагы келишимге жараша Германия менен Нидерландия да Түркияга төрт Patriot системасын жайгаштырат.

Сирияда өкмөттүк күчтөр менен адаватчылардын согушу уланууда. Жума күнү армия Дамаскинин четиндеги көтөрүлүшчүлөрдүн өңүттөрүнө чабуул койду.

XS
SM
MD
LG