Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:19

Чавес ант бербесе деле президент бойдон кала берет


Үчүнчү мөөнөткө президент шайланган Уго Чавес 10-январдагы инаугурацияга катыша албаса да, президенттик милдетин аткара берет жана антты кийин Жогорку Сот алдында берсе болот. Бул тууралуу Венесуэланын вице-президенти Николас Мадуро 4-январда улуттук телеканал аркылуу билдирди:

- Бул жолу күтүүсүздөн улам республика президенти өлкөдө эмес. Кандай жүйө болбосун, кайра шайланган президент Улуттук ассамблеянын жыйынына келбесе да, мамлекеттин жана өкмөттүн башчысынын вазийпасын аткара берет. Президент капылет себептен улам дарыланып жатат. 231-беренеге ылайык, ал Жогорку Соттун алдында ант бере алат.

Мадуро оппозициянын президент ооруп жатканда, анын милдетин Улуттук ассамблеянын төрагасы аткарсын деген талабын четке какты. Уго Чавеске 11-декабрда ракка каршы төртүнчү жолу операция жасалган. 58 жаштагы Чавестин дем алуу органы “татаал инфекцияга” чалдыкканы 3-январда ырасмий түрдө маалымдалган.

XS
SM
MD
LG