Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:53

Армстронг кызытма пайдаланганын мойнуна алганы жатат


Америкалык даңазалуу велосипедист Лэнг Армстронг денеге кубат кошчу кызытма – допинг колдонгонун расмий түрдө мойнуна алышы мүмкүн экенин “Нью-Йорк Таймс” гезити кабарлады. Бирок гезит бул маалыматтын булагын ачыкка чыгарган жок. Ал жети жолу өтө абройлуу эсептелген “Тур де Франс” мелдешинде жети жолу жеңген жана допинг пайдаланганын эч качан мойнуна алган эмес.

Былтыр АКШнын антидопинг агенттиги Армстронг кызытма колдонгонун ашкере кылгандан кийин, Эл аралык велосипедисттер ассоциациясы анын бардык титулдарын жокко чыгарып, өмүр бою мелдештерге катышуусуна тыйуу салган. Армстронгдун адвокаты Тим Герман “Нью-Йорк Таймс” гезитине кардарынын ниети тууралуу эч нерсе билбей турганын айткан.

Дүйнөлүк антидопинг кодекси боюнча, кызытма колдонуу ыкмасын айтып, күнөөсүн мойнуна алган спортчунун жазасы жеңилдетилет. Лэнг Армстронг азыр 41 жашта.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG