Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:14

Сербия президенти Рождестводо Косового бара албайт


Косовонун өкмөтү Сербиянын президенти Томислав Николичти өлкөнүн сербдер жашаган аймагына баруусуна уруксат бербей койду. Николич ортодокс-православдардын Рождество майрамы маалында Косоводо эзелтеден жашаган сербдер бөлүгүнө бармак экен. Сербияда Рождество майрамы 7-январда майрамдалат.

Приштинада чыкчу Express гезити Косовонун вице-премьери Хайредин Кучиге шилтеп, эгер Белград албан калктуу Түштүк Сербияга косоволук өкмөттүк делегациянын барганына уруксат берсе, Николичке виза берилерин жазды.

Жума күнү президент Николич Косоводогу Европа биримдигинин полиция күчтөрүн Рождество алдында Косоводогу байыркы православ кечилканасы Грачаницага барганга уруксат бербеди деп сындаган.

Косово 2008-жылы өзүн Сербиядан күнкорсуз деп жарыялаган.

XS
SM
MD
LG