Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:42

Ош: Өзбек чек арачылары аткан жарандын теги аныкталды


Өзбекстандын аймагында чек арачылардын огунан каза тапкан кыргызстандык жарандын сөөгү кечээ жерге берилди. Кара-Суу районунун Сүрөө-Таш айылынын 27 жаштагы тургуну Зайнамидин Каримов Өзбекстанга соода-сатык иштери боюнча өтчү. Ал үй-бүлөлүү, бир баланын атасы эле.

Мындай маалыматты “Азаттыкка” Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарамидин Капаров билдирди.

-Угушубузга караганда, Зайнамидин коңшу өлкөнүн аймагында баратканда чек арачылар бир-эки жолу асманга ок аткан. Ага карабай качканда баланы атып салышкан. Чек арада негизи өтмөк коюлган. Эки жылдан бери мындай окуялар болбой калды эле, эми эмне болуп кеткенин түшүнбөй турабыз.

Зайнамидин Каримов 4-январда Өзбекстандын аймагында чек арачылар тарабынан окко учкан. Кыргыз тарап азыр өзбек тарап менен сүйлөшүүлөрдү, иликтөөлөрдү баштады. Кыргызстандык жарандар коңшу өлкөнүн чек арачыларынан каза тапкан учурлар буга чейин да болуп келген. (AKu)

XS
SM
MD
LG