Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Бишкекте жылып жүрмө милиция бекетин ачуу каралууда


Мындай маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Мелис Турганбаев “Азаттыктагы” маегинде билдирди. Демилге милициянын ишин ыкчамдатуу максатында сунушталып жатат. Эгер ал ишке ашса, борбор калаанын төрт районунда бирден жылып жүрмө милиция бекети пайда болот. Анда тергөөчү да иштеп, иш кагаздарын жеринен толтурууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кармалган шектүү адамды райондук ички иштер бөлүмүнө алып баруу зарылдыгы жоголот.

Жаңы жыл учурунда Бишкекте убактылуу түнкү ыкчам топтор түзүлдү. Мелис Турганбаев кийинчерээк түнкү күзөткө ыкчам топторду такай коюу маселеси каралып жатканын кошумчалады. (EBM/AKu)

XS
SM
MD
LG