Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Кашмирде Индия жана Пакистан аскерлери аткылашты


Кашмирде индиялык аскерлердин огунан пакистандык аскер набыт болду. Пакистан армиясынын билдиришинче, индиялык аскерлер 6-январдын таңында эки мамлекет арасын бөлгөн көзөмөл тилкени бузуп кирип, Саван Парта бекетине кол салган. Билдирүүдө пакистандык күчтөр “чабуулга татыктуу жооп кайтарганы”, бирок бир аскер окко учуп, бир аскер жарадар болгону белгиленет.

Кашмирдеги Индия армиясынын өкүлү Пакистан аскерлерини “кутумчулук максатта” ок чачмадан жана башка автоматтык куралдардан жайкын адамдардын там-жайын аткылап кыйратты, деп күнөөлөдү. Тоолуу Кашмир регионун көзөмөлдөө үчүн узак жылдан берки күрөштө аскерлердин жортуулу сейрек көрүнүш эсептелчү.

XS
SM
MD
LG