Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:20

Депардье Орусия жарандыгын алды


Франциялык актер Жерер Депардье Орусия жарандыгын президент Путиндин өз колунан алганын Орусиянын 1-телеканалы кабарлады. Депардье ишемби күнү Сочиге Путин менен кездешкени келгенин РИА Новости агенттиги кечээ маалымдаган. Депардье француз өкмөтүнүн жылдык кирешеси 1 миллион евродон көп жарандардан 75 процент салык төлөтүү планына нааразы болуп, Белгиябы, Орусиябы, же Черногориягабы чыгып кетерин айтканы маалымдалган.

Дагы бир атактуу француз, мурдакы актриса, жаныбарларды коргоочу Брижит Бардо айым кесел эки пил ийне сайып өлтүрүлчү болсо, Орусия жарандыгын алам деп эскерткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG