Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:45

Баткен: Сох анклавындагы бардык чек ара бекеттери жабылды


Баткен облусунун аймагындагы Өзбекстандын Сох анклавынын тегерегиндеги Кыргызстандын бардык чек ара бекеттери жабылып, анклавга кирип-чыгуу токтогонун “Азаттыкка” өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Буга бүгүн Өзбекстандын Хущяр айылынын миңдей тургуну Кыргызстандын Чарбак айылынын жанына чогулуп, кыргыз жарандарына тиешелүү эки автомашинаны (Хонда жана Тико үлгүсүндөгү) барымтага алуу менен, кыргызстандык бир милиция кызматкерин сабап, автоунаасын талкалап салышы себеп болгон.

Учурда Баткен жана Сох райондорунун акимдери маселени чечүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Өзбекстан тараптан топтолгондор азырынча таркай элек. Аймакка кошумча күч да тартылганы кабарланды.

Бул чатакка Кыргызстан Чарбак айылынын жанындагы чек ара тозотуна (застава) электр зымын тартышы себеп болгон. Кечээ Чарбак айылында жаңыдан ачылган чек ара тозотуна электр энергиясын жеткирүү үчүн кыргыз чек арачылары электр мамыларын ороното баштаганда өзбекстандыктар нараазы болуп топтоло баштаган. Чек арчылар асманга ок чыгарганда гана таркап кетишкен. Бирок алар бүгүн кайра топтолуп, жогорудагыдай окуя жүз берди. (JsA)

XS
SM
MD
LG