Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:25

Чек ара кызматынын башчысы Баткенге баратат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Чек ара кызматынын жетекчиси Закир Тиленов өзү билдирди. Буга чейин Сох анклавындагы окуяны териштирүү үчүн комиссия түзүлгөнү кабарланган. "Азаттыктын" Баткендеги кабарчысы Жеңиш Айдаров окуя болгон жерге азыр өкмөттүн облустагы өкүлү да келатканын маалымдады.

6-январда Өзбекстандын Сох анклавындагы Хушяр айылынын тургундары Кыргызстандын Чарбак айылынын тургундарына кол салган. Натыйжада 30дан ашык адам барымтага алынып, бир канча унаа талкаланган. Бүгүн барымтадагы аялдар менен балдар болуп 14 адам бошотулганы маалым болду. Кабарларга караганда, хушаярлыктар Чарбак айылына чек ара тозоту салынышына жана ага электр чубалгысын тартууга каршылык билдирүүдө. (EBM

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG