Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:26

Баткен: Барымтадагылар бошотулду


Чыр чыккан Чарбак айылы 7.01.2013
Чыр чыккан Чарбак айылы 7.01.2013

Өзбекстандын Сох анклавында барымтада кармалып турган кыргызстандыктардын баары дүйшөмбүдө кечке жуук бошотулду. Өзбекстандын чек ара кызматы тополоңдо 5 өзбек жаран октон жараат алганын айтып чыкты.

Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчылыгы Өзбекстандын Сох анклавында барымтада кармалып турган кыргыз жарандарынын баары – 16 адам бошотулганын кабарлады. Жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 4төн 15 мүнөт өткөндө Кыргызстандын 16 жараны кыргыз тарапка өткөрүлдү. Өзбек тарап барымтада эч ким калбаганын тастыктады.

Жекшембиде Сох анклавындагы Хушяр айылынын тургундары 30дан ашуун кыргыз жарандарын барымтага алган. Дүйшөмбүдө эртең менен алардын арасындагы жаш балдар менен аялдар - жалпысынан 14 адам барымтадан боштулуп, дагы 16 киши калып калган.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын штаб башчысы Искендер Мамбеталиев бул күнү кечинде барымтадан бошотулган 16 адамдын 13үнүн денелери ур-токмоктон көгала болгонун маалымат жыйында билдирди. Ал эми таңга маал бошотулган аялдарга жана балдарга, жалпысынан 14 адам, эч кимдин колу тийген эмес.

Аймактагы кабарчыбыз Жеңиш Айдаров болсо барымтадан бошотулган жети адам облустук ооруканага жаткырылганын кабарлады.


Тасмада: Барымтадан бошотулгандар

Барымтадан чыккан 7 киши ооруканага жатты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:51 0:00


Ошол эле учурда Баткен облустук прокуратурасы өзбек жарандарынын кыргыз чек арачыларына кол салуу жана адамдарды барымтага алуу фактылары боюнча эки кылмыш ишин козгоду.

Өзбекстандын чек ара кызматы болсо бул тополоңдо 5 өзбек жараны октон жараат алганы айтып чыкты. Сох райондук жер ченөө бөлүмүнүн башчысы Сарвар Хомиджанов "Азаттыктын" өзбек кызматына коңшулаш эки элдин ортосунда чыр кантип чыгып кеткенин айтып берди:

- Жекшемби күнү сүйлөшүүгө келген кыргызстандык чек арачылардын төртөө менен прапоршик бизге карай ок чыгарды. Ортобуз 2 метрдей эле болчу. Октон биздин сохтук тургундардын бешөө жаракат алды. Экөө кулагына, бири бутуна, бири курсагына, дагы бири бутуна ок жеди. Азыр алардын бири - курсагына ок тийген Шакаржан деген 26 жаштагы жигит оор абалда Сохтогу ооруканада жатат. Бардык ок жегендер 25-27 жаштагы жергиликтүү карапайым тургундар. Алар чатакка аралашканынын себеби ошол чек арага жакын жерде жер тилкелери бар. "Эмне үчүн кыргызстандык чек арачылар биздин жерге электр зымдарынын мамыларын орнотот?" - деп сураганы барышкан. Мен өзүм жер ченегичмин, кыргыз чек арачылары биздин аймакка кирип кетишкени чын. Биз алардын жер ченегичине "Силер эмнеге антесиңер?" - деп сураганы барган элек. Ошондо чыр чыгып кетти. Бирок кыргыздарды ким кантип барымтага алганын билбейм.

Кыргызстандын чек ара кызматы мындай маалыматты четке кагып, ок эскертүү иретинде асманга гана атылганын айтууда.

Кыргызстандагы анклавдар: Сох, Шахимардан, Чоң-Кара, Халмион, Ворух, Карагач (картаны басып чоңойтуңуз)
Кыргызстандагы анклавдар: Сох, Шахимардан, Чоң-Кара, Халмион, Ворух, Карагач (картаны басып чоңойтуңуз)
Сох анклавындагы курчуп кеткен кырдаал 5-январда тутанган. Бул күнү Сохтун Хушяр айылынын тургундары кыргыз тарап Чарбак чек ара тозотуна электр линиясы тартышына каршылык билдирип чыгып, чек арачылар эскертүү иретинде асманга ок чыгаргандан кийин тарап кеткен. Бирок эртеси күнү аталган айылдын миң чакты тургуну кайра чогулуп, тозотко электр зымын алып келген мамыларды оодарып салган. Жаалданган тургундар аны менен эле тим болбой жолдон өтүп бараткан Кыргызстандын эки автоунаасын токтотуп, унааларды талкалап салган. Окуя болгон жерге жетип барган Баткендин Кыштут айыл өкмөтүнүн аймактык милиция кызматкерин сабап, автоунаасын талкалаган. Бул күнү ошентип жалпысынан 30 чакты кыргыз жараны барымтага алынган.

Бул жаңжалдын чыгышына, хушярлыктардын нааразылыгына тозотко электр линиясы тартылышы эмес, ошол жерге чек ара тозоту коюлушу себеп болгону айтылууда.

Маалыматка караганда, учурда Баткен менен Фергана облустарынын губернаторлору, чек ара кызматтарын башчылары чек ара жаңжалын жөнгө салуу жолдору тууралуу сүйлөшүүлөрдү улантууда.

Чарбак айылынан сүрөт баян: 7-январь, 2013

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG