Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Тажикстан менен чек ара сүйлөшүүлөрү уланат


Ушул аптада Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда чек ара сүйлөшүүлөрү уланышы керек. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров билдирди. Анын айтымында, буга чейин макулдашылган графиктин негизинде сүйлөшүүлөр 8-январдан 13-январга өтүшү керек. Мындан улам кыргыз тарап чек араны тактоо боюнча тажик делегациясына Бишкекке чакыруу жиберген. Бирок Тажикстандын өкүлдөрү буга азырынча жооп бере элек. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө былтыр жасалган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, быйыл карала турган маселелердин тизмеси талкуулоо пландалган.

Кыргызстан Тажикстан менен 970 чакырым аралыкта чектешет. Анын 517 чакырымы такталып, эки өлкөнүн өкмөт аралык комиссиясынын деңгээлинде бекиген.(BkA)

XS
SM
MD
LG