Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:42

Ооган президенти АКШга келди


Ооган президенти Хамид Карзай АКШга 3 күндүк расмий сапар менен келди. Вашингтондо ал президент Обама жана башка расмий адамдар менен жолугушат. Эки президенттин жолугушуусу жума күнгө белгиленгенди. Сүйлөшүүлөрдүн өзөгүн коопсуздук, экономика, саясат, ооган армиясын машыктыруу жана жабдуу, тынчтык процесси жана башка маселелер түзмөкчү. Ошондой эле коопсуздук боюнча эки тараптуу келишим талкууланат. АКШ жана НАТО контингентинин басымдуу бөлүгү 2014-жылдын аягына чейин Ооганстандан чыгып кетиши керек.

Президенттер ооган куралдуу күчтөрүн машыктыруу жана коопсуздукту камсыздоого жардам берүү үчүн канча аскер калтыруу керектигин макулдашууга тийиш.

XS
SM
MD
LG