Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:31

Сохтогу окуя эки тараптуу иликтөөгө алынат


Бул тууралуу 7-январда Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым өкүлү жана Өзбекстандын Фергана облусунун акими, кыргыз-өзбек чек ара, күч түзүм, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу орган өкүлдөрү катышкан сүйлөшүүдө белгиленди.Тараптар иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча маалымат алмашууга макулдашышты. Ошондой эле сүйлөшүүдө Сох анклавы аркылуу өтчү өзбек жарандарынын коопсуздугун камсыздоо, күч түзүмдөрүнүн кызматташуу тартиби талкууланды. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, Өзбекстандын Чек ара кызматы Сохтогу окуяда 3 өзбек жараны жараат алганын кабарлаган.

6-январда Баткен облусунун аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавынын Хушяр айылынын тургундары Кыргызстандын 30 жаранын барымтага алып, алар кечээ кечинде бошотулган. Бул чатакка Кыргызстан Чарбак айылынын жанындагы чек ара тозотуна (застава) электр зымын тартуу себеп болгон. Чарбак айылында жаңыдан ачылган чек ара тозотуна электр энергиясын жеткирүү үчүн кыргыз чек арачылары электр мамыларын ороното баштаганда өзбекстандыктар нааразы болуп чыккан.

Чек ара кызматы учурда окуя болгон жерде абал туруктуу экенин билдирүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG