Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:25

Акыйкатчы Өзбекстандын башкы укук коргоочусуна кайрылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Акыйкатчы Турсунбек Акун бүгүн билдирди. Өзбекстандын башкы укук коргоочусуна жазган кайрылуусунда Акун Сохтогу окуяда кыргызстандык жарандар барымтага алынып, ур-соккуга кабылганын, алардын укугу бузулганын белгилеген. Эки тараптан тең күнөөлүү адамдар жазасын алышы керектиги жана бул маселени тиешелүү органдарга жеткирип, өз көзөмөлүнө алуусун суранган.

Кыргызстандын башкы укук коргоочусунун айтымында, ушундай чатактарды болтурбай коюуда жергиликтүү бийлик жана тиешелүү органдар чабалдык кылууда. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG