Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:24

Жапония Кытайга расмий нааразылык билдирди


Жапон тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, Токидо кытай элчиси менен жолугушууда Кытайдын кемелери Жапониянын аймактык сууларына кирип, ал жерде узактан бери турганына катуу нааразылык айтылды жана мындай окуялар кайталанбашы талап кылынды. Кытай элчиси жапон тышкы иштер министрлигине бүгүн чакырылган.

Жогорудагыдай кадам Жапониянын премьер-министри Синдзо Абе баштаган жаңы улутчул өкмөтү аталган маселени алгачкы ирет расмий көтөргөндөн кийин жасалып олтурат. Кытай Жапонияда Сенкаку, аларда Дяоюйтай деп аташкан аралдардын айланасына кемелеринин тобун жөнөткөн.

Ал аралдарды эки өлкө тең өзүнүкү деп эсептейт. (UE)

XS
SM
MD
LG