Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Журналисттерди сабады делген адам кармалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Бакыт Сейитов кабарлады. Анын айтымында, Коомдук телерадио корпорациясынын эки журналистине кол көтөрдү деп шектелип, 1983-жылы туулган Айдин Кулбаев деген жаран кармалды. Ал көрсөтмө берип, коюлган айыпты мойнуна алды. Учурда КТРКнын журналисти Бурулай Пусурманкулова менен көзмө көз жолугууда.

7-январда Коомдук телерадио корпорациясынын журналисттери Бурулай Пусурманкулова жана Ширин Асанакунова “Түндүкэлектр” ишканасынын өкүлдөрү менен бирге рейдге чыккан. Алар Бишкекте "Ата-Түрк" сейил багынын жанында жашаган электр энергиясы үчүн акы төлөбөгөн, мыйзамсыз колдонгон үйлөр боюнча сюжет тартып жүргөн. Журналисттердин айтымында, Малдыбаев 16 дарегинде жашаган киши аларга кол көтөрүп, итке талатаарын айтып коркуткан, журналисттердин техникаларын сындырып салган. Алардын биринин мээси чайкалып, ооруканага жаткырылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG