Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:39

АКШнын Бенгазидеги консулдугуна кол салынышы боюнча камалган жалгыз адам бошотулду


Тунистин жараны Али Харзинин адвокаты билдиргендей, сот аны кандайдыр бир далилдер жоктугуна байланыштуу бошотту. Адвокат кошумчалагандай, бирок Али Харзиге борбордон кетпөө жөнүндө көрсөтмө берилди. Анткени андан террордук ишмердикке катышы бар деген айып алына элек.

АКШнын Ливиянын Бенгази шаарындагы консулдугуна былтыр 11-сентябрда кол салынган. Анда АКШ элчиси Крис Стивенс менен кошо дагы үч америкалык набыт болгон.

Тунистин жараны Али Харзи бул кол салууга катышы бар деген жүйө менен кийинчирээк Түркияда камалып, мекенине экстрадицияланган. Өткөн айда аны менен камакта ФБРдин өкүлдөрү жолуккан. (UE)

XS
SM
MD
LG