Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:27

Чек ара кызматы Сох анклавында барымтада кыргыз жарандары жоктугун тастыктады


Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы шейшемби кечке жуук тараткан билдирүүдө айтылат. Сох анклавында кыргыз жарандары калганы тууралуу айрым маалымат каражаттарынын кабарлары чындыкка коошпойт. Маалыматта айтылгандай, эки өлкөнүн чек ара мекемелеринин жетекчилери шейшембиде кездешти жана өзбек тарап жолугушууда Сох анклавында кыргыз жарандары жоктугун тастыктаган. Эки өлкөнүн өкүлдөрү “чек арадагы инцидентти объективдүү иликтөө максатында” окуя болгон жерди биргелешип көрүп чыгышкан.

Учурда Өзбекстандын Сох анклавынын тегерегиндеги кыргыз чек ара бекеттери, жолдордун баары жабык турат. Чек ара кызматы абалды “стабилдүү” деп мүнөздөдү.

Эки күн мурда кыргыз чек ара бекетине электр зымын тартуу учурунда Сох анклавынын тургундары кыргыз чек арачылары менен кагылышкан. Андан кийин Кыргызстандын отуздай жараны барымтага алынып, дүйшөмбүдө алардын баары бошотулган эле. Өзбек тараптын ырастоосунда, кагылышуу учурунда алардын кеминде үч жараны ок жеп жаракат алган. Кыргыз чек арачылары болсо ок атылбаганын билдиришкен. (UE)

XS
SM
MD
LG