Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:32

Тажикстандан чыккан окуу китептер Кыргызстан менен Казакстанга жөнөтүлбөйт


Душанбедеги “Азия Плюс” агенттигинин кабарына караганда, Тажикстан Кыргызстандагы тажик тилдүү мектептерге 10 миң даана окуу китебин жөнөтүүнү кыргыз тараптын талабы менен токтотту.

Мунун алдында дүйшөмбү күнү өлкөнүн билим берүү министринин орун басары Фарход Рахимов китептерди кайра басып чыгаруу боюнча кыргыз жана казак бийликтери менен сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирген.

Анткени тажик тарап жөнөтүүгө даярдаган китептерде Тажикстандын мамлекеттик символдору менен президент Эмомали Рахмондун сүрөтү басылган.

Казакстан менен Кыргызстандын окутуу тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери окуу куралдарын адатта Тажикстандан алышат. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG