Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:46

Өкмөткө Сохтогу окуя боюнча комиссия түзүү сунушталды


Жогорку Кеңештеги Коопсуздук жана коргонуу комитетинин төрагасы Токон Мамытов Сох анклавындагы чырлуу окуяны иликтеген комиссия түзүүнү парламент өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевге сунуштаганын “Азаттыкка” билдирди.

“Бул окуяга кийгилишүү парламенттин да, президенттин да иши эмес, ошон үчүн өкмөт атайын комиссия түзүп, окуяны жеринен иликтеп, элге маалымат бериши керек”,-деди Мамытов.

Кечээ Кыргызстандан ички иштер министри Шамил Атаханов, Чек ара кызматынын башчысы Закир Тиленов, өкмөттүн Баткен облусу боюнча өкүлү Жеңиш Раззаков жана Өзбекстан тараптан Фергана облусунун, Сох аймагынын акими болуп сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Анда Сохтогу окуяны калыс иликтөө тууралуу да сөз болгон.

6-январь күнү Баткен облусунун аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавынын Хушяр айылынын тургундары Кыргызстандын 30 жаранын барымтага алып, алар 7-январь күнү кечинде бошотулган. Бул чатакка Кыргызстан Чарбак айылынын жанындагы чек ара тозотуна электр зымын тартуу себеп болгон. Чарбак айылында жаңыдан ачылган чек ара тозотуна электр энергиясын жеткирүү үчүн кыргыз чек арачылары электр мамыларын орното баштаганда өзбекстандыктар нааразы болуп чыккан.

Чек ара кызматы учурда окуя болгон жерде абал туруктуу экенин билдирүүдө. JAk

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG