Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:22

УОКтун биринчи президенти, спорт ишмери Эшим Кутманалиев дүйнө салды


9-январда Улуттук олимпиада комитетинин биринчи президенти, мамлекеттик спорт ишмери Эшим Кутманалиев 74 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу өкмөткө караштуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Эшим Кутманалиев 1938-жылы Талас районунун Кең-Арал айылында туулган. 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн. 1961-63-ж.ж. Кыргызстан Айыл чарба институтунун дене тарбия кафедрасынын окутуучусу, 1963-64-ж.ж. кыргыз спорт комитетинде мамлекеттик машыктыруучу, 1964-87-жж. «Алга» СК борбордук советинин бөлүм башчысы, төраганын орун басары, төрагасы, 1988-91-жж. КР дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы, 1991-жылы КР Улуттук олимпиадалык комитеттин уюштуруучулардын бири болуп, алгачкы президент болуп шайланган. КМДТИнин ардактуу профессору (1996), СССР спортунун чебери (1961), КР эмгек сиңирген машыктыруучусу (1973) болгон. ”Манас” жана "Ардак белгиси" ордени жана медалдар менен сыйланган.

Кутманалиев рак илдетине чалдыгып, узак убакытка төшөктө жатып калды. Маркумдун сөөгү 11-январда Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. JAk

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG