Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Шашылыш эскертүү: айрым жерлерди суу капташы мүмкүн


9-январдан 12-январга чейин абанын температурасы жогорулап жана кардын тез ээришине байланыштуу, Чүй жана Талас облустарынын өрөөндөрүнүн ойдуң жерлерин суу капташы мүмкүн. Эртең, 10-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метр болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5 градус, күндүз +10...+15 градус жылуу болот, Таласта түнкүсүн -6...-11 градус, күндүз +6...+11 градус жылуу болот. Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -5...-10, күндүз 5...10 градус жылуу болот, Баткенде түнкүсүн -2...-7, күндүз +6...11 градус жылуу болот. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5...-10 градус, күндүз 0...+5 градус ысыйт, Нарында түнкүсүн -22...-27 градус суук болот, күндүз -10...-15 градус болот.

Эртең Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1...-3 градус, күндүз 11...13 градус болот. JAk

XS
SM
MD
LG