Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Жапония аскерий чыгымдарды 2. 1 млрд. долларга көбөйтөт


Жапониянын коргоо министрлиги быйыл курал жарак сатып алганга кошумча дагы 2, 1 миллиард доллар алат. Расмий маалыматта каражат ракета, согуштук учактарды жана тикучарларды сатып алганга жумшалат.

Жапониянын Кытай менен эл жашабаган аралдар боюнча талашы бар жана Түндүк Кореянын алыс аралыкка учуучу ракеталарды сыноосу Токиону тынчсыздандырууда. Декабрда түндүк кореялык ракета Жапониянын түштүгүндөгү аралдардын үстүнөн өтүп, сыныктары жапон аймагына түшкөн. Маалыматтарга караганда, Жапония акыркы 11 жылда биринчи жолу аскерий чыгымдарды көбөйтүүдө.

XS
SM
MD
LG