Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

Сохтун айланасындагы чек ара бекеттери азырынча ачылбайт


Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаков билдирди. Ал бул чечимди коопсуздук чаралары менен байланыштырды. Разаковдун айтымында, Чарбактагы жаңжалдан Өзбекстандын Сох анклавынын айланасындагы кыргыз айылдарынын тургундары чогулуп, чыгымды төлөөнү талап кылышууда. Мындан улам эки өлкө жарандары ортосунда жаңжал чыкпашы үчүн чек ара бекеттерин азырынча ачпай туруу чечими кабыл алынды.

6-январда кыргыз чек ара бекетине электр зымын тартуу учурунда Сох анклавынын тургундары кыргыз чек арачылары менен кагылышкан. Андан кийин Кыргызстандын отуздай жараны барымтага алынып, дүйшөмбүдө алардын баары бошотулган. Өзбек тараптын ырастоосунда, кагылышуу учурунда алардын кеминде үч жараны ок жеп жаракат алган. Кыргыз чек арачылары болсо ок асманга атылганын билдиришкен.(BkA\EBM)

XS
SM
MD
LG