Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

Чавестин инаугурациясынын мөөнөтү жылды


Венесуэланын Жогорку Соту президент Уго Чавестин бүгүнкүгө белгиленген инаугурациясын кийинкиге калтыруу боюнча Улуттук ассамблеянын чечимин колдоду. Жогорку Соттун түшүндүрмөсүндө, Уго Чавес мурда эки ирет шайланган президент катары ант берүүнүн жаңы мөөнөтү белгиленгенге чейин өлкөнү башкарууга мыйзам жол берет. Буга чейин оппозициячыл депутаттар конституция беренелерине ылайык, Чавестин президенттик мөөнөтү 10-январда аяктаарын, ошондуктан жаңы шайлоо дайындоо мүмкүнчүлүгүн кароо өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылган.

1999-жылдан бери президенттик кылып келген 58 жаштагы Уго Чавес декабрь айында Кубада рактан төртүнчү ирет операция болуп, учурда дарылануусун улантууда. Мындан улам шейшемби күнү парламенттеги Чавести колдогон көпчүлүк инаугурацияны кийинкиге жылдыруу боюнча чечим кабыл алган.

XS
SM
MD
LG