Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:43

Ош: кытай жарандарынын коопсуздугу милиция көзөмөлүндө


Куршабдагы кыргыз-кытай жаңжалынан соң аймактагы бардык кытай жарандары Ошко жеткирилип, «Пекин» мейманканасына жайгаштырылды. Алардын коопсуздугун шаардык милициянын кызматкерлери көзөмөлдөп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Сүйүн Өмүрзаков кытайлык ишкерлер жана өлкөнүн Оштогу консулдугунда иштегендер менен жолугушкан учурда билдирди. Анын айтымында, кечээки окуядан соң Куршабдан 71 кытайлык Ошко алып келинип, мейманканага жайгаштырылган.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев «Азаттыкка» билдиргендей, жаңжалдан соң 18 адам ооруканада дарыланууда. Анын тогузу кытай жараны, калган тогузу кыргызстандыктар, алардын арасында 5 киши милиция кызматкерлери.

Облустун аймагында Кытайдын канча атуулу бар экени так эмес. Расмий маалыматтар боюнча, Ош шаарында ишкерлик кылууга Кытайдын 169 жараны уруксат алган. Алардын 146сы келишимдик негизде иштесе, 23ү жеке ишкерлик менен алектенет. Расмий эмес түрдө бул сан дагы жогорулашы мүмкүн. (SE)

XS
SM
MD
LG