Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

Ошто мушташкандардан жардыргыч зат табылды


9-январдын түнүндө Оштогу Султан Ибраимов атындагы театрдын жанында мушташкандардын үчөөсү кармалып, алардын унаасынан Ф-1 үлгүсүндөгү граната табылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» шаардык милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Анын айтымында, мушташка катышкандар милиция келген учурда «Деу-Матиз» үлгүсүндөгү унаа менен качышкан. Көп өтпөй шаардык Жол коопсуздук кызматынын өкүлдөрү тарабынан унаа токтотулуп, ичиндеги үч жигит кармалган. Чүпүрөккө оролгон жардыргыч зат унааны текшерүү учурунда табылган.
Учурда кармалгандарды тергөө амалдары жүрүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG