Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:33

Брахими президент Асадды сындады


Сирия кризисин жөнгө салуу боюнча эл аралык чабарман Лахдар Брахими президент Башар Асад өткөөл өкмөткө кирбөөгө тийиш деген оюн ортого салды. Андай утурумдук бийлик түзүү Сириядагы жарандык согушту токтотуу планынын бир бөлүгү катары каралып келет. Брахими жогорудагыдай билдирүүнү кечээ Ройтерс агенттигине берген интервьюда жасады. Ага чейин ал Би-Би-Сиге сириялыктардын көбү Асад үй-бүлөсүнүн 40 жылга созулган башкаруусу “өтө эле узарып кетти” деп ойлошоорун айткан.

Башар Асад бийликке 2000-жылы, атасы Хафездин 30 жылдык башкаруусунан кийин келген. Жекшембиде Асад оппозиция менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн дагы бир ирет четке какты. Эртең Брахими Сирия кризисин талкулоо үчүн АКШ жана Орусия өкүлдөрү менен жолугушат. Мартта Асад режимине крашы башталган козголоңго 2 жыл болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG