Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

Баткен: Исфайрам – Тактек каналын куруу башталды


Бүгүн Жогорку Кеңештин төрага орун басары Төрөбай Зулпукаров Баткендин Кызыл-Кыя шаарында шайлоочулар менен жолукту. Андан кийин Исфайрам - Тактек каналын куруу иштеринин башталышына катышты. Бул канал курулуп бүтсө Оштун Ноокат, Араван ройонундагы, Баткендин Кызыл-Кыя шаары, Кадамжай районундагы 30 миң гектар жер суу менен камсыз болот. Парламенттин маалымат кызматынын маалымдашынча, жергиликтүү тургундардын кайрылуу катынан кийин курулуш иштери үчүн 5 миллион сом бөлүү чечими кабыл алынган.

Мурунку президент Аскар Акаевдин тушунда Исфайрам суусуна Кара-Кыштак - Боз деп аталган каналды куруу башталып, аягына чыкпай калган болчу. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG