Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:57

ӨКМ: Июн окуясында жабыркаган куткаруучуга жардам берилди


Министр Кубатбек Боронов Акпарали уулу Жусупбек менен сүйлөшүүдө

Министр Кубатбек Боронов Акпарали уулу Жусупбек менен сүйлөшүүдө

2010-жылдагы июн окуясында жабыркаган куткаруучу Акпарали уулу Жусупбекке бүгүн материалдык жардам көрсөтүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов ал дарыланып жаткан мекемеге барып акчалай жардам тапшырганын "Азаттыкка" министрликтин маалымат кызматынын жетекчиси Абдишарип Бекилов кабарлады.

Акпарали уулу Жусупбек июн окуясы учурунда Ош облусунун Нариман айылында аскердик кызматын өтөп жатып октон жарадар болгон. Бишкектин, Оштун ооруканаларында дарыланып, учурда Чүйдөгү курортология институтунда жатат. Өз алдынча баса албай калгандыктан ага орусиялык кесиптештери атайын коляска тартуулаган. Кыргыз өкмөтү 135 миң сом бөлгөн. Ал эми ӨКМ акча чогултуп, үй салып берди.

Абдишарип Бекиловдун айтымында, министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен график түзүлүп, ӨКМдин Бишкектеги жетекчи кызматкерлери Акпарали уулу Жусупбекке азыркы дарылануусу аяктаганча кезек-кезеги менен барып, абалын сурап турууга, керектүү жардамын берүүгө милдеттендирилди.

2010-жылдын июн айында Ош менен Жалал-Абадда кыргыз жана өзбек улутундагылардын ортосунда тутанган кандуу калабада төрт жүздөн ашуун адам мерт болгон, миңдеген адам жараат алган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG